Bloomberg: Борбор Азиянын экономикасы РФтен кирген капиталдын эсебинен өсүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Борбор Азия мамлекеттеринин экономикасы Россиядан кирген капитал менен компаниялардын эсебинен өсүүдө. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы Bloomberg агенттигине шилтеме кылып жазды.
Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) башкы экономисти Беат Яворчиктин айтымында, Казакстандагы 15 миңге жакын ишкананын россиялык капиталы бар, бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Ушундай эле көрсөткүч Кыргызстанда дагы байкалууда.
ЕРӨБ божомолуна караганда, быйыл Казакстандын экономикасы 3,9 пайызга, Кыргызстандыкы 7 пайызга өсөт.
Адис: Кытайдын Борбор Азияга кызыгуусу кооптуулук жаратпайт