РФ ТИМи: Батыш Борбор Азияны Россия менен Кытайды ооздуктоочу курал катары кароодо

АКШ жана НАТО регионду Россиядан ажыратууга жана акырындык менен РФке каршы плацдрамга айлантууга багытталган иш-аракеттерин жасап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Батыш Борбор Азияны Россия менен Кытайды кармап туруучу курал катары карап жатат, ал эми РФ региондогу өлкөлөргө башкача мамиле кылат. Бул туурасында Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Томск шаарында өтүп жаткан "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун "Россия жана Борбордук Азия: өзгөрүп жаткан дүйнө менен өз ара ымалада болуу" деп аталган III борбор азиялык конференциясында билдирди.
Анын айтымында, АКШ менен НАТО тарабынан Россияны ооздуктоо, Борбор Азия менен Россиянын ортосуна бүлүк салуу жана түштүктөгү чек араларга кооптуулук жаратуу үчүн акырындык менен регионду плацдармга айлантуу көздөлүүдө. Борбор Азияда көзөмөлгө алынган массалык маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын жардамы менен жүргүзүлүп жаткан маалымат кампаниясы да ушундай тапшырмаларды аткарат. Анын максаты — эл ичинде Россияны жактырбоо сезимин калыптандыруу, жалпы тарыхты ылгабай каралоо жана улутчулдук маанайды күчөтүү аркылуу анын имиджин талкалоо.
"Батыш Борбор Азияны тек гана Россия менен Кытайды кармап туруу саясатынын куралы катары карап жатат. Азиядан Европага кирип-чыгып турган соода жолдорунун бул кесилишин көзөмөлдөгүсү келет. Ал эми Россия Борбор Азияга башкача ыкма менен мамиле кылат, бул регион биз үчүн жалпы тарыхыбыз бир, өз ара пайдалуу жана тең укуктуу мамилелердин көп катмарлуу системасы, союздаштыкка жана интеграцияга негизделген чектеш аймак", — деди Галузин.
Европарламент Борбор Азияны жазалоо маселесин көтөрдү