Эрдоган менен Кылычдароглу 28-майда чечүүчү турда ат салышмай болду

Жогорку шайлоо кеңеши миллиондон ашык бюллетенди жараксыз деген чечим чыгарганы да кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Түркияда 14-майда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгында бир дагы талапкер добуштардын 50 пайызын ала албагандыктан саясий өнөктүктүн экинчи туру 28-майда өтө турган болду. Бул тууралуу РИА Новости TRT телеканалына шилтеме кылып жазды.
Бюллетендердин 100 пайызын саноодон кийин Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайип Эрдоган добуштардын 49,24 пайызын, ал эми анын атаандашы Кылычдароглу 45 пайызын алган.
Жогорку шайлоо кеңеши миллиондон ашык бюллетенди жараксыз деген чечим чыгарганы да кабарланды.
Эске салсак, Түркияда кечээ, 14-майда, президенттик жана парламенттик шайлоо өттү. Мамлекеттин азыркы башчысы 69 жаштагы Режеп Тайип Эрдоганга негизги атаандаш болуп 74 жаштагы "Элдик альянстан" Кемаль Кылычдароглу чыккан. Андан сырткары, үчүнчү талапкер Ata альянсынан 55 жаштагы Синан Оган болгон. Ал эми төртүнчү адам Memleket партиясынан аттанган Мухаррем Инже бир нече күн мурда талапкерлигин алып салганы менен бюллетенде ысымы кала берген. Кечээки шайлоодо ага да добуш бергендер болгону менен өтө аз үлүштү түзгөн.
Эми 28-майда түркиялыктар 13-президентин шайламакчы.
Түркиядагы шайлоодо Эрдоган алдыда бара жатат. Шайлоо үкөктөрүнүн жарымы ачылды