Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру 28-майда болору расмий жарыяланды

Саат 18:15ке карата Эрдоган — 49,51 пайыз, Кылычдароглу — 44,88 пайыз, Оган 5,17 пайыз добуш алды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Түркиянын Шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 28-майда өтөрүн расмий жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Азыркы кырдаалга таянып, эч бир талапкер 50 пайыз добуш ала албагандыктан 28-майда президенттик шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул Түркиянын тарыхында биринчи жолу болот", — деп билдирди комиссиянын жетекчиси Ахмет Йенер.
Бишкек убактысы боюнча 18:15ке карата Режеп Эрдоган — 49,51 пайыз, Кемал Кылычдароглу — 44,88 пайыз, Синан Оган 5,17 пайыз алышты. Бирок чет өлкөдө добуш берген шайлоочулардын 35 миңден ашуун бюллетендери санала элек. Түркияда шайлоо участкаларынан алынган бюллетендерди саноо 100 пайызга аяктады.
Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенттигине ат салышат