Ош: миллиондогон доллар ташыган жолтандабасты аткылоо учурунун видеосу

Карактоо учурунда ири суммадагы каражатты ташып бара жаткан эки адам жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кара-Суу районунда Toyota Land Cruiser 200 автоунаасын аткылап, 65 жеке ишкердин миллиондогон долларын тоноого аракет кылган 10 адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, окуя 2023-жылдын 27-январында Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын биринде болгон. Анда 30-35 жаш чамасындагы куралчан адамдар машинага ок чыгарган, бирок акчаны алууга үлгүрбөй минивэни менен качып кетишкен. Окуя видеобайкоого түшүп калган.
Карактоо учурунда ири суммадагы каражатты ташып бара жаткан 32 жаштагы М.А. жана 21 жаштагы Т.А. аттуу адамдар жаракат алышкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин ("Каракчылык") негизинде кылмыш иши козголгон.
Кийин Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан "Колго түшүрүү" жана "Чагылган" операциялары киргизилип, шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган. ИИМ бүгүнкүгө чейин 10 адамды кармады.
"Алардын арасында эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү, анын ичинде Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандар жана мурда соттолгондор да бар. Кармоо учурунда шектүүлөрдөн автомат, тапанча, баңгизат табылган. Учурда 20дан ашуун шектүүгө издөө жарыяланды", — деди Сыдыков.
Кылмыштуу топтун мүчөлөрү Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайдан 3,6 миллион сомду карактоого дагы айыпталууда.
Бишкектеги массалык мушташ. Милиция анын катышуучуларын издеп жатат