БИШКЕК, 15-май — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортуна кеткен жолдо автокырсыкка кабылган балдардын ичинен реанимацияга түшүп калган окуучу комадан чыкты. Бул тууралуу №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Sputnik агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бала ушул жумада үйүнө чыгышы мүмкүн.
"2013-жылы туулган бала комадан чыккан. Ээгине жана жамбаш сөөгүнө операция жасалып, нейрохирургия бөлүмүнө которулду. Буюрса, абалы жакшы, ушул жума ичинде үйүнө чыгарабыз", — деди Маманов.
Эске салсак, 20-апрель күнү саат 11:30дар чамасында кенже класстын балдары автокырсыкка кабылган. "Манас" аэропортуна кетип бараткан жолдо Сокулуктун Ат-Башы айылынан Лесное айылына мектепке чыккан автобусту артынан келе жаткан Go BUS маршруткасы сүзгөн. Автобустун ичинде 1-4-класстын окуучулары бар экени белгилүү болгон. Натыйжада ар кандай жаракаты менен жалпысынан №3 ооруканага 27 бала түшүп, үчөө ошол эле күнү үйүнө кайткан. Андан кийин дагы 15 окуучу чыгарылган.