Миграциялык өкүлчүлүк Россиядагы мигранттардын 8,5 млн. сом акысын өндүрүп берди

Өндүрүштүк жаракат алган эки кыргызстандыкка 1 миллион 50 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөтүп беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү мигранттардын 8,5 миллион сомдук эмгек акысын өндүрүп берди. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Өкүлчүлүк тарабынан январь-апрель айларында 2 788 кыргызстандыкка миграция маселелери боюнча кеп-кеңештер берилген.
"172 кайрылуу иш берүүчүлөрдүн эмгек акы төлөбөй жатканы боюнча түшкөн. Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жардамы менен 99 жаранга 8,5 миллион сом маянасы өндүрүлдү. Ошондой эле алар иштеп жатып жаракат алган эки кыргызстандыкка 1 миллион 50 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөтүп берүүгө жетишти", — деп айтылат маалыматта.
Россиялык иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстандын жарандары үчүн 1 235 бош орун аныкталган.
Белгилей кетсек, Миграциялык өкүлчүлүк 2022-жылдын күз мезгилинен бери иштеп жатат. Ал Россиядагы иш берүүчүлөр менен байланыш түзүү, жумушка орноштуруу жана келишим түзүүгө жардам берет. Ошондой эле мекендештер миграция маселелери боюнча кеңештерди ала алышат. Өкүлчүлүк Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен 700 метр алыстыкта жайгашкан (Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7, 5-корпус).
Эскертүү! Россияда миграциялык каттоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилди