Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Луганскиде мурдагы авиациялык училище соккуга кабылды. Видео

Видеодо аскерий адис келип түшкөн курал Storm Shadow ракетасы экенин айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Луганскиге, анын ичинен мурдагы авиациялык училищеге сокку урулду. Окуя болгон жер курчоого алынып, ыкчам кызматтар иштеп жатканын РИА Новости билдирди.
Ближнее зарубежье Telegram каналы бул боюнча видеону жарыялаган. Анда Storm Shadow деп аталган канаттуу ракетанын колдонулганы айтылды.
Буга чейин ЛЭР өкүлчүлүгүнүн мурдагы башчысы Родион Мирошник Луганскидеги автобекеттин аймагына эки нерсе учуп келгенин айтып, "кыязы, алар ракета окшойт" деп билдирген.
Ал эми РИА Новости жарыялаган видеодо аскерий адис келип түшкөн курал Storm Shadow ракетасы экенин айтууда.
Бутага алынган мурдагы авиациялык училищенин тегерек чети курчалып, тиешелүү кызматтар учурда иш алып барууда. Маалыматта ал жерде эл жашаган үйлөр жана мектеп бар экендиги айтылат.
Өткөн аптада Улуу Британиянын Украинага 250 чакырымдан да алыс уча турган Storm Shadow канаттуу ракеталарды берери маалым болгон. CNN билдирген маалыматка таянсак, Киев Лондонго куралдарды ок-дары Украинаныкы деп эсептеген аймактардагы бутага каршы гана колдонулат деген кепилдик берген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британия Украинага алыскы аралыкка аткан дрондорду берүүнү чечти