Радио

Доромбаев: Кыргызстанда спорттун шахбокс түрү жайылтылат

Кыргызстандын шахбокс федерациясынын президенти Абасбек Доромбаев өлкөдө жаңы Шахбокс федерациясы түптөлүп, эл аралык мелдештерге спортчуларды даярдоо башталганын айтты.
Sputnik
Шахбокс федерациясынын өкүлчүлүктөрү ар бир облуста ачылып, жайылтуу иштерине басым жасалат. Бул тууралуу Абасбек Доромбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, КМШда шахбокс популярдуу спорттун түрүнө айланышы мүмкүн.
"Кыргызстанда Шахбокс федерациясын ачууну Россия тарап сунуштап, учурда бул спортту өлкөдө жайылтуу иштери башталды. Ар бир облуста федерациянын өкүлчүлүктөрүн ачуу каралып жатат. Негизги максаты — спортчунун күч жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө шарт түзүү. Бизде бокс жана шахматтан мыкты спортчулар бар. Мисалы, жакында 4-7-июнда кыргызстандык шахбоксчулар Калькуттада өтө турган Азия чемпионатына даярдык көрүп жатышат. Мындан тышкары, дүйнө чемпионатына катышып, тажрыйба алып, жогорку жетишкендиктерге жетүүгө бел байладык", — деди Доромбаев.
Ошондой эле адис шахбоксту Кыргызстанда өнүктүрүүгө Бүткүл дүйнөлүк федерация да кызыкдарлыгын билгизип, ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгилегенин кошумчалады.