Күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу схемасын калкалаган деп салыкчылар кармалды. Видео

Салыкчылар өлкөгө күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келгендерге ири суммада салык төлөөдөн качууга көмөктөшкөн деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып келип саткандарды калкалаганы үчүн салык кызматкерлери кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Салык кызматынын ЕАЭБдеги сооданын алкагында эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Б.Р.К., ошондой эле Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча эсепке алынбаган товарлар жана товарларга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Н.Д.О. узак убакыт бою кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Алар өлкөгө күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келүүчү жана сатуучу ишкерлерге ири суммада салык төлөөдөн качууга көмөктөшкөн.
1 / 4

Күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып келип саткандарды калкалаганы үчүн салык кызматкерлери кармалды

2 / 4

Билдирмеге караганда, Салык кызматынын ЕАЭБдеги сооданын алкагында эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Б.Р.К., ошондой эле Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча эсепке алынбаган товарлар жана товарларга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Н.Д.О. узак убакыт бою кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган

3 / 4

Алар өлкөгө күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келүүчү жана сатуучу ишкерлерге ири суммада салык төлөөдөн качууга көмөктөшкөн

4 / 4

Ошондой эле Салык кызматынын Панфилов районундагы башкармалыгынын өзгөчө режим бөлүмүнүн башчысы А.Т.М. жана Жайыл районундагы башкармалыгынын салыктык текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору М. у. Б. жасалма электрондук товар-транспорттук кагаздарына штамп чаптап, түштүк аймактарга күйүүчү-майлоочу майды жөнөтүү жана сатуу үчүн атайын пломбаларды тапшырышкан

"Чет өлкөдөн алып келинген күйүүчү май түндүк регионунан түштүктөгү облустарга алып өтүү шылтоосу менен салык органдарында эсепке алынган эмес. Ал фирмалардын күйүүчү май ташыган унааларын Салык кызматынын "Сосновка" жана "Кара-Көл" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынан тоскоолдуксуз өткөрүшкөн. Бул коррупциялык схемага колдоо көрсөткөндүгү үчүн салыкчылар майдын ар бир литри үчүн 1 сомдон алып турганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Салык кызматынын Панфилов районундагы башкармалыгынын өзгөчө режим бөлүмүнүн башчысы А.Т.М. жана Жайыл районундагы башкармалыгынын салыктык текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору М. у. Б. жасалма электрондук товар-транспорттук кагаздарына штамп чаптап, түштүк аймактарга күйүүчү-майлоочу майды жөнөтүү жана сатуу үчүн атайын пломбаларды тапшырышкан. Бул кызматына ар бир документ үчүн 5 миң сомдон алганы ырасталган.
Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз алып келген, сактаган жана контрабандалык жол менен ташыган фирмаларга салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Кылмышка тиешеси бар башка мамлекеттик кызматкерлерди аныктоого багытталган тергөө жүрүп жатат.
Бизнесмендердин салыгын 100 млн. сомго чейин азайткан мамкызматкерлер кармалды