Жапаров каржы пирамидасын жарнамалагандарды жазалоо мыйзамына кол койду

Эми каржы пирамидасын түзгөн шылуун эле эмес, анын ишин жайылткан адамдар дагы жоопко тартылат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстанда каржы пирамидасын жарнамалагандарды жоопко тартуу мыйзамы күчүнө кирди. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
Аталган мыйзамды депутат Шаирбек Ташиев демилгелеп, 5-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси толукталат. Тагыраагы, кимдир бирөө финансы пирамидасын массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалагандан кийин андан ири өлчөмдө зыян тарткан учурлар катталса ага 150-200 миң сом айып салынат.
Мында жарнама кылган белгилүү адамдардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жарандардын укугун коргоо каралганы белгиленди.
Мыйзамдын автору 2022-жылы пирамида фактысы боюнча 882 кылмыш иши козголуп, 1 052 адам зыян тартканын билдирген. Алар 273 миллион сом жана 1 миллион 597 миң долларга алданган. Ташиевдин айтымында, шылуундук кылган жарандар өз максатына жетүү үчүн элге таанымал адамдарды колдонуп жарнама кылышат. Алардын постторунан кийин карапайым эл ишенип алып өз мүлкүнөн ажырап калууда. Андыктан каржы пирамидасын түзгөн шылуунду эле эмес, анын ишин жарнамалаган адамдарды дагы жоопко тартуу зарыл.
ИИМ Кыргызстанда каржы пирамидасын уюштурган ишканаларды тизмектеп берди