Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Британия Украинага алыскы аралыкка аткан дрондорду берүүнү чечти

Өткөн аптада Улуу Британиянын Украинага 250 чакырымдан да алыс уча турган Storm Shadow канаттуу ракеталарды берери маалым болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак Украина президенти Владимир Зеленскийдин Лондондогу сапары учурунда Киевге зениттик ракеталарды жана алыска сокку урууга жөндөмдүү дрондорду берүүнү жарыя кылышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости Sky News телеканалына шилтеме кылып жазды.
"Сунак Украинага жаңы жардам катарында жүздөгөн зениттик ракеталарды, алыскы – 200 чакырымдан ашуун аралыкка ата турган жүздөгөн дрондор берилерин жарыялайт", — деп айтылган материалда.
Зеленский дүйшөмбү күнү Лондонго келген, анын британия премьери менен сүйлөшүүсү пландалган.
Өткөн аптада Улуу Британиянын Украинага 250 чакырымдан да алыс уча турган Storm Shadow канаттуу ракеталарды берери маалым болгон. CNN билдирген маалыматка таянсак, Киев Лондонго куралдарды бул ок-дарылар Украинаныкы деп эсептеген аймактардагы бутага каршы гана колдонулат деген кепилдик берген.
Луганск Элдик Республикасынын бийлиги өткөн жумада аймакка үч Storm Shadow ракетасы менен сокку урулганын каттады.
Россия мурдараак НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы боюнча нота жиберген. Анда ТИМ башчысы Сергей Лавров Киевге келе жаткан кандай гана жүк болбосун Москванын мыйзамдуу бутасына айланарын айткан. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноорун кошумчалаган. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага курал-жарак жеткирүү орус-украин сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын айткан эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британия: Украинага Apache тик учактарын берүүнү пландаган жокпуз