Бишкектеги массалык мушташ. Милиция анын катышуучуларын издеп жатат

Милицияга түнкү саат бирлерде чакыруу түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. "Короче" Telegram-каналы Бишкектеги Vefa соода борборунун жанындагы массалык мушташтын видеосун жарыялады.
Биринчи май райондук ИИБдин берген маалыматына караганда, бүгүн болжол менен түнкү саат бирде Абдрахманов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ башталганы тууралуу кабар түшкөн.
"Ыкчам тергөө тобу жерине барганда айтылган даректе эч ким жок болгон. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү жана издөө иштери башталды. Толук маалымат кийинчерээк берилет", — деди милициядан.
Лейлекте жергиликтүү тургундар менен аскер кызматкерлери мушташа кетти. Видео