Радио

Райымбеков: эл кайсы ооруканага көбүрөөк барарын тиркемеден билсе болот

Санариптик ден соолук борборунун маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Калыйнур Райымбеков бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө тынымсыз аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Эми дарыгерлер бейтаптар тууралуу маалыматты базадан көрө алат. Бул тууралуу Калыйнур Райымбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин бейтаптардан мурун дарылангандыгы жөнүндө маалым кат талап кылынып келген.
"Кыргызстандыктар мындан ары өзү каалаган медициналык жайга барып каттоого турса болот. Ал үчүн болгону "Түндүк" мобилдик тиркемесинен каттоодон өтүп, электрондук кол тамга алуу жетиштүү. Мындай кадам дарыгерлердин бейтап тууралуу маалымат алуусуна да жол ачат. Базадан кайсы ооруканага барып дарыланганы тууралуу бүт маалыматтар чыгып турат. Мындан ары өзгөчө аймактардан келген жарандар жашаган жеринен маалым кат алып убара болбойт. Алдыдагы күндөрдө мобилдик тиркеме аркылуу дарыгерлер үчүн кезек күтүү функциясын да иштеп чыгалы деп турабыз. Ал ишке ашкандан кийин бейтаптар кайсы дарыгер кайсы саатта бош экенин көрүп, ошого жараша пландап бара алат. Биздин аракеттердин баары элге жеңилдик тартуулоо үчүн жасалууда", — деди Райымбеков.
Ал ошондой эле эми кайсы ооруканага эл көбүрөөк барып жатканы да базадан көрүнүп турарын кошумчалады.