БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 16-май, шейшембиде бийик тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тоңот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Дыйканчылык аймактардын кээ бир жерлеринде кыска убакытка жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй жергесинде +26...+31, Таласта +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл өрөөнүндө +20...+25, Нарын аймагында +19...+24 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +29...+31, Ош шаарында +31...+33 градуска көтөрүлөт.