Стоматолог: вейп чеккендердин онкологиялык ооруга чалдыгуу коркунучу жогору

Дарыгер чылымдын бул түрү тиш ооруларын да пайда кыларын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Вейп жана аралашмаларды чегүү ооз көңдөйүндө залалдуу шишиктерди шартташы мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" стоматолог, хирург-имплантолог Магомед Дахкильговго шилтеме берип жазды.
Анын айтымында, аралашмалардын курамында жыпар жыт берген заттар, гликоль жана глицерин бар. Алар ысытылганда оозго жана өпкөгө өтө уулуу нерселерди бөлүп чыгарат.
"Уулуу заттар ооз көңдөйүндө залалдуу шишиктердин пайда болушун шарттайт. Вейп чеккен кишилердин онкологиялык ооруларга чалдыгуу коркунучу жогору. Ошондой эле чылымдын бул түрүн тарткандардын дайыма оозунун ичи кургап турат, бул шилекейдин бөлүнүп чыгышына тоскоолдук жаратат. Мындан сырткары, кариести пайда кылат", — деди адис.
Дарыгер шилекейдин бөлүнүп чыкпай калышынын өзү көйгөй экенин белгиледи. Шилекейлер тиш менен бүйлөдөгү тамакты жана башка калдыктарды тазалаганга жардам берет.
Вейп оозду ысыткандыктан эмалга дагы зыян, тиштин жаракасын кайра калыбына келтирүү оңой эмес.
Дарыгер вейп ооз көңдөйүнүн микрофлорасын дагы бузгандыктан, тиш оорулары — пародонтит менен гингивитке алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.
Кыргызстанда электрондук тамеки жана вейптерге тыюу салуу сунушталууда