БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Келерки аптада, 16-17-майда Томск шаарында "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун "Россия жана Борбордук Азия: өзгөрүп жаткан дүйнө менен өз ара ымалада болуу" деп аталган III борбор азиялык конференциясы өтөт.
Ага Россия, Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Монголия, Тажикстан, Өзбекстандан 60ка чукул эксперт чакырылган.
"Бул салыштырмалуу жаңы формат, бирок ал Борбордук Азия чөлкөмүнүн өнүгүүсүн талкуулоо үчүн өзүн кадыр-барктуу интеллектуалдык аянтча катары көрсөтө алды. Эксперттердин диалогу Борбордук Азиянын жана бүтүндөй Евразия мейкиндигинин өнүгүү жолдорун биргелешип аныктоого бараандуу салым кошот", — деп айтылган маалыматта.
Уюштуруучулар соңку жылдары Россиянын тышкы саясаты ырааттуу түрдө Чыгышка жана коңшу мамлекеттерге багыт алып, кадам таштаганын белгилешти. Бүгүнкү күндө Россия Федерациясы геоэкономикалык байланыштарды реформалоо процессинен өтүп жатканы, анда Борбор Азия республикаларына өзгөчө орун берилгени айтылды.
Сессиялардын темалары:
"Саясий диалог жана кызматташтык: эки тараптуу жана көп тараптуу өлчөмдөр";
"Дүйнөлүк жаңы экономикада Россия менен Борбор Азиянын ролу" ;
"Россия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташуунун ири евразиялык контексти";
"Россия жана Борбордук Азия үчүн жаңы жана көндүм болгон жалпы коопсуздук чакырыктары";
"Жаңы дүйнө жөнүндө эмнени билебиз жана эмнелерди билбейбиз?".
Конференцияга Кыргызстандан саясат таануучулар, экономисттер жана дипломаттар катышат. Алар: "Applicata – Стратегиялык чечимдер борбору" коомдук фондунун аткаруучу директору Кубатбек Рахимов, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын бөлүм башчысы Айнур Жоробекова жана башкалар өкүлдөр.