Статком: жазгы талаа жумуштарынын темпи былтыркыга караганда жай

Өлкө боюнча жазгы эгин эң көп Чүй облусунун талааларына себилди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстанда быйыл жазгы талаа жумуштарынын темпи өткөн жылга салыштырмалуу кеч экенин билдирди.
Маалыматка ылайык, буга апрель айындагы туруксуз аба ырайы (аба температурасынын төмөндөшү, мезгил-мезгили менен жааган жамгыр) себеп болгон.
"Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелине карата республика боюнча жалпысынан 414 миң гектарга жазгы өсүмдүктөр себилди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 миң гектарга же үч пайызга аз", — деп айтылат маалыматта.
Жазгы өсүмдүктөр Чүй облусунун чарбаларында эң көп аянтка себилип, жалпы аянттын 42 пайызын түздү. Ал эми Ош облусунда 19 пайыз, Жалал-Абад облусунда 15 пайыз жана Ысык-Көл облусунда 13 пайыздын чегинде турат.
Банкта иштегендердин айлыгы былтыр канчага көтөрүлгөнү айтылды