Ошто эгемендүүлүк күнүнө карата жаңы 2 мектеп, 3 бала бакча пайдаланууга берилмекчи

Бала бакчалардын бирөө 75, экөө 100 балага ылайыкташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ош шаарында эгемендүүлүк күнүнө карата үч бала бакча, эки мектеп жана бир медициналык борбор пайдаланууга берилет. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлап, учурда курулуш иштери кандай жүрүп жатканын көрсөттү.
31-августта ачыла турган социалдык объектилер:
Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №27 XXIV партсъезд атындагы мектептин 500 орундуу кошумча корпусу;
Жапалак айылындагы №31 Курманжан датка атындагы мектеп;
Керме-Тоо айылындагы 100 орундуу бала бакча;
Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 100 орундуу бала бакча;
Ак-Тилек кичи районундагы 75 орундуу бала бакча.
Ошто тамтыгы чыгып бараткан Масалиев көчөсүнүн жолу оңдолот