Кыргызстанда полиэтиленден кагаз буюмдарга өтүү каралууда

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басарынын айтымына караганда, мамлекет экологиялык таза продукцияларды өндүргөн ишканаларга басым коюу ниетинде.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстан желимден жасалган буюмдардан экологиялык жактан таза, кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү этап-этабы менен жүрүзөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Кечээ ал санитардык-гигиеналык кагаз чыгаруучу ИФА заводунун ишмердүүлүгү менен таанышкан.
"Экологиялык жактан таза, кагаздан жасалган буюмдарды чыгарган ишканаларга мамлекет ар тараптуу артыкчылык берет. Бул мамлекет башчынын тапшырмасы. Өлкөнүн бардык аймактарында желимден кагазга өтүү планы коюлган", — деген Төрөбаев.
Аталган ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрөт. Импорттук продукция менен атаандашууга мүмкүндүк берүүчү жогорку сапаттагы кагаз базасын чыгарган ишкана макулатуранын 70 пайызын Россиядан алып келет. Бир жылдык сатып алууларынын суммасы болжол менен 1 миллион долларга жакын.
Министрлер кабинетинен бул долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 3 миллион 200 миң доллар болсо, анын 2 миллион 691 миң долларын Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылаганын билдиришти.
Жапаров: автобустарга камера коюп, туура эмес токтогон унааларга айып салуу керек