Радио

"Манаста" кат ташыгандар кандай аталган?

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.
Sputnik
"Манаста" кат ташып маалымат жеткиргендерди дорго деген. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөздү учурга ылайыкташтырып колдонууга мүмкүнчүлүк бар.
"Көөнө сөздөрдөн "дорго" дегенди жолуктурабыз. Ал чабарман, жасоол жигит дегенди билдирет. Көпчүлүк учурда эки элдин, падышалардын же кызматташкан адамдардын ортосундагы маалыматты жеткирген, анын коопсуздугун камсыздаган адамга карата айтылат. Дорголор тууралуу "Манаста":
"Ал аңгыча дорголор,
Алып кирди чыракты..."
— деп айтылган жери бар. Бул жерде жогоруда айтылган жасоол деген маанисинде колдонулууда.
Мындан тышкары, улуу баянда:
"Дорголорду жиберип,
Тулпар оозун имерип,
Алакандай кат берип,
Алты күлүк ат берип,
Ал катынын бетине,
Кандык мөөрүн бастырып,
Катчыга атын жаздырып",
— деген саптар кездешет. Бул жерде кат ташып кызмат көрсөткөн адам катары сыпатталууда. Учурда кат жеткирүү кызматын аркалагандар "почточу" делип жүрөт. Бул сөз тыштан кирип, тилге ылайыкташкан. Ошондуктан "Манаста" кездешкен "дорго" сөзүн дал ушул почточу дегендин ордуна колдонсо болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү колдонуу менен тилди байытууга болорун кошумчалады.