Боом капчыгайында 15-19-майда таш кулатылат

Мындай иштер кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Боом капчыгайында 15-19-май күндөрү таш түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Бул күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында коркунуч жараткан таштар атайылап түшүрүлөт.
Мындай жумуш күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин болуп, транспорт бир тилке менен гана өтүп турары айтылды. 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилмекчи.
Мындай иштердин аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.
Кар көчкү менен кардын көлөмүнө байкоо жүргүзгөн "Долон" станциясы ачылды