Бишкектеги түнкү клубда чуу салып, асманга ок чыгарган киши кармалды. Видео

Окуя 14-майга караган түнү саат 03:06 чамасында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкектеги түнкү клубдардын биринде бейбаштык кылып асманга ок чыгарган киши кармалды. Бул туурасында Октябрь райондук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Социалдык тармакка тараган кадрдан ал тапанчасын көтөрүп алып, жанындагыларга "эмне болду, э?" деп жатканын көрүүгө болот.
Милициянын билдирүүсү боюнча, 14-майга караган түнү саат 03:06 чамасында Асанбай кичи районундагы түнкү клубда бир киши курал көтөрүп асманга атып жатканы боюнча чакыруу түшкөн.
Шектүү
Ыкчам топ барып, 34 жаштагы А.С. аттуу жаранды кармап Тергөө кызматына алып келген. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда иликтөө жүрүп жатат, шектүүдөн желим ок атуучу МР-471 тапанча алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Нарын университетинин мугалими УКМК өкүлүнө 4000 доллар пара берип кармалды