Бишкек менен Чүйдө аба ырайы кандай болот? Алдыдагы аптага божомол

Келе жаткан жуманын ичинде жаан-чачын болбойт, бирок мезгил-мезгили менен өткүн өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Бишкек шаарында жана Чүй облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин күн ачык болот. Ал эми бейшембиден жекшембиге чейин мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Чүй облусунда 15-16-майда тоолуу райондордо өткүн өтүп, андан соң 18-майга чейин күн ачык болот.
19-20-майда көпчүлүк аймактарда, 21-майда айрым жерлерде өткүн өтөт. Аптанын башында күн 30 градуска чейин ысыйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-майда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Статком: жазгы талаа жумуштарынын темпи былтыркыга караганда жай