Банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берүү каралууда

Долларды алып чыгууга чектөө былтыр март айында киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Улуттук банк 31-августка чейин коммерциялык банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берүүнү сунуштаган токтом долбоорун иштеп чыкты.
Банктарга, акча алмаштырган жайларга, микрокредиттик компанияларга долларды чет өлкөгө алып чыгууга чектөө былтыр март айында киргизилген.
Бирок андан бери банктар чет элдик валютаны алып келүү иштерин жолго койду. Маалыматта учурда алардын кассаларында каатчылык жагдай жаралган мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп накталай акча бар экени айтылды.
Улуттук банк бул чектөөнү банктар үчүн ала турууну ойлонуштурууда. Ошол эле учурда алар алып чыгылган накталай акчанын көлөмүндөгү накталай эмес доллардын келип түшүшүн камсыздап, кассаларда накталай валютанын жетиштүү болушун көзөмөлдөшү керек.
Улуттук банк апрелде 87 млн. доллар сатты. Резерв 4 айдан бери бөксөрүп жатат