УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имараты ачылды. Сүрөт

Борбор эл аралык стандарттарга жооп берген акыркы технологиялык жабдуулар менен камсыз болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бүгүн, 13-майда, УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбордун жаңы имараты ачылды. Анын ачылыш аземине Садыр Жапаров катышканын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, борбор киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик чабуулдарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын, компьютердик кагылышуу ишин координациялайт.
“Акыркы учурдагы мамлекеттик жана башка маалымат тутумдарына жасалган хакердик чабуулдарды эске алганыбызда, бул тармакты тез арада сапаттуу деңгээлге көтөрүп, өнүктүрүүнү мезгил өзү талап кылууда”, — деди Жапаров.
Өлкө башчы мамлекет тарабынан улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана тиешелүү иштердин инновациялык багыттарын ар тараптуу колдоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.
Борбор эл аралык стандарттарга жооп берген акыркы технологиялык жабдуулар, аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен жабдылганы кошумчаланды.
Ошто акча алмаштыруу жайын карактагандардан курал-жарактын түрү табылды. Сүрөт