БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев ССTV (КЭР) телеканалынын журналисти менен кытай тилинде маек куруп таң калтырды.
Мамлекет башчы кытай тилинен сырткары англисче дагы баарлашкан. Ал ачуу тамакты жактырарын, ал эми кытай ашканасынан сычуань кесмесин жана пекин өрдөгүн сүйүп жей турганын айткан.
Казак лидери "Борбор Азия + Кытай" саммитине катышат. 17-19-май күндөрү Кытайга мамлекеттик сапары менен барып, президент Си Цзиньпин менен жолукмакчы.