Кербен жолдун боюндагы шаар. Караколдун архивдик сүрөттөрү

Ысык-Көл облусунун административдик борбору болгон Каракол шаарында ондон ашык улуттун өкүлү ынтымакта жашап келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги мурдагы Пржевальск шаарынын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Каракол шаары 1869-жылы аскердик-административдик борбор катары негизделип, кийин аталышы бир нече жолу өзгөрүп, узак жылдар бою саякатчы Николай Михайлович Пржевальскийдин атын алып жүргөн. Ал шаарда өлкөдөгү эң алгачкы метеостанция, китепкана иштеп, Октябрь революциясынан кийин бир нече мектеп, медресе, интернат, орус жана чет элдик саякатчылардын базасы өз ишмердүүлүгүн баштаган.
Ал эми өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин Каракол шаары деп аталган. Учурда калаада эки жогорку окуу жай, үч музей, бир нече кесиптик окуу жай, маданий мекемелер бар. Кыргыз, орус, казак, өзбек, уйгур, дунган, татар, калмак, немец, украин улутунун өкүлдөрү жашайт. Өзүнүн бай тарыхы, өзгөчөлөнгөн архитектуралык курулуштары менен айырмаланган шаар акыркы жылдары өзүнө бир топ чет элдик туристтерди тартып, ар тараптан өнүгүп келет.
1 / 18

Караколдогу эски мечиттердин биринин мунарасы

2 / 18

Каракол шаарында 1930-жылдары иштеген сүрөт салону

3 / 18

Педагогикалык институттун студенттер жатаканасы

4 / 18

Шаардагы эски тузем мектебинин көрүнүшү. 1944-жыл

5 / 18

Караколдун чыгыш тарабындагы чеп. Ал жакта аскер кызматкерлери менен басмачылар ортосунда салгылашуу болгон. Сүрөт 1919-жылы тартылган

6 / 18

Сабатсыздыкты жоюу жараяны жана сабак окуган жергиликтүүлөр

7 / 18

Эски Ысык-Көл театры. Караколдо маданий жайлар арбын

8 / 18

Шаар ошол кездеги жашоо-шартка байланыштуу эски кербен жолдун боюнда негизделген

9 / 18

Пржевальск шаары 1869-жылы аскердик-административдик борбор болуп түптөлгөн. Азыр Ысык-Көл облусунун борбору

10 / 18

60 жыл мурун ачылган Пржевальскийдин мемориалдык музей-комплекси. Калаа узак убакыт саякатчынын ысымын алып жүргөн

11 / 18

Кыргызстандагы белгилүү мечиттердин бири. Ал 1910-жылы курулган. 1969-жылы тартылган сүрөт

12 / 18

Кезинде Караколдо эт, сүт завод, тигүү, бут кийим фабрикасы жана электр техниканы чыгарган үч ири ишкана болгон

13 / 18

Союз маалында Караколдогу аэропорт ички каттамдарды кабыл алган жана алардын айрым учактары айыл чарбасына да колдонулган

14 / 18

Өткөн кылымдын 70-жылдары курулган көп кабаттуу үйлөр

15 / 18

Караколдогу Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин имараты

16 / 18

Ысык-Көл облустук администрациясы же мурдагы коммунисттик партиянын облустук комитетинин имараты

17 / 18

Шаардын так ортосунда 1960-жылдары ачылган тиричилик үйү. Азыр ал ири соода борборунун кызматын аткарат

18 / 18

Азыркыга чейин иштеп келе жаткан шаардык стадиондун мурунку көрүнүшү

Тема боюнча:
Тыным көрбөгөн кыз-келиндер менен балдар. Кыргызстандын Улуу Жеңишке кошкон салымы
Кемелер, жүк артылган төөлөр, кайыктагы эл. Ысык-Көлдөгү сейрек сүрөттөр
Кыргызстанды индустриялаштырган "Интергельпо". Сейрек архивдик сүрөттөр
Кокту-колот, талаа-түздө иштеген кыргызстандык геологдор. Архивдик сүрөттөр
Көчөт тигип, жер айдап, көчкөнгө камынган кыргыздар. Жаздагы жылуу сүрөттөр