БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Нарында алдыдагы жуманын басымдуу бөлүгү жаан-чачындуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-17-18-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Башка күндөрү өткүн өтүп, күр күркүрөп, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-17-майда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.