Радио

Өлкөдө электр энергиясын керектөө жылына 10-12%га өсүүдө

Улуттук энергетикалык холдингдин башкаруучулугунун төрагасы Талайбек Байгазиев өлкө 2023-жылы 14,5 миллиард киловатт-саат электр кубатын өндүрөрүн айтты.
Sputnik
Быйыл жылытуу мезгилинде Кыргызстанда электр энергиясын ички керектөө 17 миллиард киловатт-саатка жетет деп күтүлүүдө. Бул жылы өз күчүбүз менен 14,5 миллиард киловатт-саат өндүрүү планы коюлган. Калган 2,5 миллиарды импорттолот. Бул тууралуу Талайбек Байгазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, электр энергиясын керектөө жылына 10-12 пайызга өсүүдө.
"1-майдан тарта өлкөдө электр энергиясына болгон төлөм 77 тыйындан бир сомго чейин көтөрүлүп (700 киловатт-саатка чейинкилерге), 23 тыйынга кымбаттады. Бул акча бюджетке болжол менен 2,4 миллиард сомго жакын киреше алып келет. Каражат тармактарды оӊдоп-түзөөгө, ички оптимизацияга гана кетет. Анткени тармактардын эскилигинен электр энергиясынын 40-50 пайызын жоготуп келгенбиз. Мамлекет тарабынан жыл сайын эле субсидия берилип, ал көмүргө, чет мамлекеттен электр энергиясын импорттоого кетип, башка иштерге акча жетпей жаткан. Ал эми тариф жылына бир жолу гана өзгөрөт. Демек, 2023-жылы ошол бойдон калат. Өткөн жылы өлкөдө 2,5 миллиард киловатт- саатка жакын электр энергиясы тартыш болгон. Быйыл калк арасында электр энергиясына болгон керектөө өскөндүктөн, 17 миллиард киловатт-саат өндүрүү пландалууда. Эл үйлөрүнө полун жылуулап, кондиционер жана башка тиричилик техникасын көбүрөөк орнотуп, ыңгайлуу шарттарды түзө баштады. Албетте, кыргызстандыктардын жашоо деӊгээли өсүп жатканы кубандырат. Ошентсе да калкты газ менен жылытууга өтүүгө чакырат элем", — деди Байгазиев.
Ал учурда Түркмөнстан, Казакстан жана Россиядан электр энергиясын импорттоо боюнча келишимге кол коюлганын кошумчалады.