Радио

Кыргызстанда эл аралык жүк ташууну жандандырууга аракеттер көрүлүүдө

Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү, Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын Координациялык кеңешинин мүчөсү Манас Сабиров өлкөлөр арасындагы жүк ташууга жаңы талаптар коюлуп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстан өзүнүн транзиттик дараметин толук пайдаланса кошумча киреше булагына ээ болорун Манас Сабиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда эл аралык жүк ташууну жандандырууга аракеттер көрүлүп жатат.
"Эл аралык жүк ташуу маселелери боюнча тийиштүү жактарга жаңы талаптар коюлуп, бул жаатты жандандырууга аракет кылып жатабыз. Баарыбызга маалым болгондой Казакстан менен 5-6 жылдан бери жүк ташууда тоскоолдуктар болуп келген. Аны чечүү жолдорун карап, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир канча жолу кат жолдогонбуз. Бирок үнүбүз жогорку жактарга жетпей жатат. Бул жакта башка тараптардын да кызыкчылыктары алдыңкы планга чыгып кетүүдө. Эгерде Кыргызстан өзүнүн транзиттик дараметин толук пайдаланса кошумча киреше булактары пайда болот", — деди Сабиров.
Ал эл аралык жүк ташыган ишкерлер экспортёрлор менен тыгыз иштешип жатканын кошумчалады.