Бишкекте Панфилов көчөсү ачылып, Орозбеков көчөсү жабылууда

Борбор калаанын көчөлөрүн оңдоп-түзөө иштери уланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкектеги Панфилов көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Реконструкцияда эски асфальт алынып, тосмо таштар жана ирригация системасы орнотулган. Ошондой эле чөгүп кеткен люктар көтөрүлүп, көчөгө эки катмар асфальт-бетон аралашмасы төшөлгөн.
Мындан сырткары, жөө адамдар үчүн өтмөктөрдө жол белгилери жана ак, сары боёктор менен сызылган жол чийиндери пайда болгон. Жакында тротуардын курулушу аяктайт.
15-майдан тарта Орозбеков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин жабылат. Ал жакта дагы реконструкция иштери жүргүзүлөт.
Мэрия ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, каттамды алдын ала пландап алууну өтүндү.
"Бишкек асфальтсервис" ишканасы жумушка чакырат. Талаптары