"Бишкек асфальтсервис" ишканасы жумушка чакырат. Талаптары

Иштейм дегендер кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. "Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасы жумушчуларды издейт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, смета түзүү инженери жана 18 жаштан жогорку курактагы жол жумушчулары ишке алынат.
Негизги талаптар:
соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
кесиптик билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү;
мамлекеттик же муниципалдык кызматта иш стажы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш стажы китепчеси.
Талапкерлер кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл.
Жумуш издеген талапкерлер резюмеси менен маектешүүгө иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Хвойная көчөсү, 70 дарегине кайрылса болот.
Сурап-билүү телефондору: 0312377717.
Транспорт министрлиги жумушка чакырат. Вакансиялар