Жаандуу болот. Алдыдагы аптага карата Таластагы аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлеринде15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызгидромет эмки жумада Талас облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, алдыдагы аптада толугу менен аймактын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Бирок15-16-майда түнкүсүн жана 17-майда күндүз жаан-чачын болбойт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-майда күндүз, 16-17-майда айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Караколдун мэри Эрмат Жумаев Талас шаарын башкармай болду