Конгрессмендер Байденден акыл-эсин текшерүүнү талап кылды

80 жаштагы Байден учурда АКШ тарыхындагы эң улгайган президент.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Республикалык партиянын 61 өкүлү АКШнын президенти Жо Байденге акыл-эси жайында экенин аныктаган тесттен өтүүнү талап кылган катка кол койгонун РИА Новости жазды.
"Биз сизди экинчи мөөнөткө шайланууга жасаган аракетиңизден баш тартууну же акыл-эсиңиз жайында экенин клиникалык жактан тастыктап, жыйынтыгын коомчулукка ачык жарыялооңузду талап кылабыз", — деп жазылган катта.
Республикачылар Байден мамлекет башчы болгондон бери мындай өтүнүч менен үч жолу кат жөнөткөнүн, бирок баары жоопсуз калганын белгилеген. Президент 2021-жылы жана 2023-жылы медициналык кароодон өткөн. Бирок аягында эмне болгону белгисиз.
80 жаштагы Байден учурда АКШ тарыхындагы эң улгайган президент. Ал кээде жосунсуз жоруктары менен коомчулукту таң калтырып турат.
Кийинки президенттик шайлоо 2024-жылдын ноябрь айына белгиленген. Апрелде Байден шайлоодо кайрадан ат салышарын айткан.
Нью-Йоркто сүйлөп бүткөн Байден кайдан чыгарын билбей дагы адашты. Видео