14-майга карата аба ырайы

14-майда түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жекшембиде күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Таласта +24…+29, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +25…+30, Ысык-Көлдө +20…+25, Нарын облусунда +18…+23 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жаан Ош шаарларында +28…+30 градуска жетет.
Кар көчкү менен кардын көлөмүнө байкоо жүргүзгөн "Долон" станциясы ачылды