Пресс-борбор

Ысык-Көлдүн мүмкүнчүлүктөрү чоң. ЕЭК министринин туризм боюнча пикири

Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттери биримдиктин ичинде туризмди кантип өнүктүрсө болорун ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев айтып берди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн видео көпүрөгө катышкан. Слепнев ЕАЭБ мамлекеттеринин туристтик жетишкендиктерин билүү маанилүү экенин белгиледи.
ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев (оң жакта)
"Евразиялык туристтик кластер түзүп, союз ичинде илгерилетсек жакшы болмок. Мисалы, Ысык-Көлдө мүмкүнчүлүктөр арбын. Казакстанда туризм мыкты өнүгүп жатат. Россияда, Арменияда, дегеле бардык жакта көрсөткүчтөр жакшы. Маршруттар, рейстер түзүлүп, туристтик багыттарды өнүктүрүү керек", — деди Слепнев.
Ал туризм пайдалуу багыт экенин, анын арты менен биримдиктеги өлкө жарандарынын бири-бири менен катышы жакшырарын кошумчалады.
Пресс-борбор
ЕЭК министри: ЕАЭБде бирдиктүү электрондук соода рыногу пайда болот