57 тонна металл. "Унаа" машиналардын жараксыз номерлерин сатыкка койду

Мамлекеттик номерлерди мыйзамсыз пайдаланууну алдын алуу максатында алар утилизацияланат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган автоунаалардын номерлерин металл катары сатыкка койду.
Түстүү металлдардын (лом алюминий) салмагы 56,9 тоннаны түзөт. Аукцион 20-июнда өтүп, бирдиктүү пакет менен сатылат. Бөлүштүрүү мүмкүн эмес.
Аукционго катышуу үчүн табыштамалар 12-июнга чейин Бишкек шаарынын Ч. Валиханов көчөсү, 2а дарегиндеги "Унаа" мекемесинде (№5 кабинет) кабыл алынат. Иштөө убактысы саат 9:00дөн 18:00гө чейин.
Бир килограмм металлдын баштапкы баасы 100 сом деп белгиленди. Сатуудан түшкөн каражаттын баары мамлекеттик бюджетке которулат. Былтыр да ушундай аукцион өтүп 74,6 тонна алюминий 7 миллион 412,3 миң сомго сатылган.
Колдонуудан чыгарылган мамлекеттик номерлерди мыйзамсыз пайдаланууну алдын алуу максатында алар утилизацияланат.
Көз карандысыз компаниялар Mega ишканасынын сатылчу баасын аныктап берди