Радио

Тарыхчы: согуш жылдары Кыргыз ССРинде 321 геологиялык экспедиция жасалган

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, доцент, тарых илимдеринин кандидаты Темиркул Асанов Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргыз ССРинде илим тездик менен өнүккөнүн айтты.
Sputnik
Улуу Ата Мекендик согушка чейин Кыргыз ССРинде 13 илимий мекеме болгон. Алар Эл комиссарлар кеңешине караган. Анда илимдин 13 доктору, илимдин 45 кандидаты эмгектенген. Башкача айтканда, Кыргыз ССРинин илимий базасы аз да болсо түптөлүп калган. Бул тууралуу Темиркул Асанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, согуш жылдарында Кыргыз ССРине эвакуацияланып келген адамдардын арасында илимдин докторлору, академиктер болуп, алар кийинчерээк Кыргызстандагы илимдин өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошушкан.
"Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргыз ССРинде илим тездик менен өнүккөн. Өзгөчө геология, физика, биология тармактарында ачылыштар жасалган. Согушка керектелүүчү курал-жарактарды чыгаруу максатында сырьё чалгындоого 321 геологиялык илимий экспедиция уюштурулган. Кыргыз ССРине көчүрүлүп келген калктын арасында илимдин докторлору, академиктер болгон. Алсак космосту изилдөөгө чоң салым кошкон Мстислав Келдыш, Кыргызстандагы археология илимине негиз салгандардын бири Александр Бернштам, кыргыз тилинин сөздүгүн түзүп кеткен Константин Юдахин сыяктуу илимдин алптары бар эле. Согуш жылдарында илимий изилдөө темалары коргонуу жаатына басым жасаган. Ошондуктан дагы Медициналык институтта бул аралыкта 40тан ашуун коргонуу багытындагы илимий иштер жакталган. Айыл чарба, мал чарбачылыгы боюнча да илимий иштер аткарылган. Кыргыз ССРине жалпысынан беш илимий институт көчүрүлгөн. Алар биология жаатында өсүмдүктөрдүн генетикасын, физиологиясын изилдеген, микробиологиялык институт сыяктуу мекемелер болгон. Бул институттар менен чогуу келген 235 илимий кызматкердин көбү Советтер Союзунда аты таанылып калган беделдүү окумуштуулар болгон. Алардын бири биохимик Алексей Бах С витамининин организмге тийгизген оң таасирин далилдеп, азыркы Жалал-Абад облусундагы Арсланбап токоюнун жанына аскорбин кислотасын чыгарган завод курулган. Андан чыккан витамин С советтик жоокерлерге жеткирилип турган", — деди Асанов.
Тарыхчы 1943-жылы СССР Илимдер академиясынын филиалы катары Кыргыз ССРинде Илимдер академиясы ачылганын кошумчалады.