УКМК Ошто мыйзамсыз иштеп жаткан кумаркананы жапты. Видео

Учурда уруксаты жок иштеп жаткан казинолорго бөгөт коюу иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Ош шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан кумаркана жабылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 27-апрелде атайын кызмат кумар ойноочу жайга басып кирип, тинтүү жүргүзгөндө 327 миң сом жана 16 компьютер табылган. Ошондой эле аталган мекеменин жетекчиси Ж.А. аттуу кишиден 597,2 миң сом, 4 800 доллар, 4 000 рубль жана 4 процессор алынган.
1 / 2

Билдирүүгө ылайык, 27-апрелде атайын кызмат кумар ойноочу жайга басып кирип, тинтүү жүргүзгөндө 327 миң сом жана 16 компьютер табылган

2 / 2

Ошондой эле аталган мекеменин жетекчиси Ж.А. аттуу кишиден 597,2 миң сом, 4 800 доллар, 4 000 рубль жана 4 процессор алынган

УКМК учурда уруксаты жок иштеп жаткан казинолорго бөгөт коюу иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Бюджетке канча төктү? Кыргызстанда казино ачууга алгачкы лицензия берилди