Ош: акча алмаштыруу жайынан 3,6 млн. сом карактоого шектелген 8 киши кармалды

Кылмыштуу топ Кара-Суу районунда Toyota Land Cruiser 200 унаасын аткылап, ишкердин ири суммадагы акчасын тоноп кеткен окуяга да шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Ош шаарында акча алмаштыруучу жайынан 3,6 миллион сом карактоого шектелген сегиз киши кармалды. Бул тууралуу калаа милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, 25-апрель күнү эртең менен куралчан кишилер акча алмаштыруучу жайга келип, ээсин коркутуп карактап кеткен.
ШИИБдин билдирүүсү боюнча шектүүлөр Ош жана Жалал-Абаддын аймагынан кармалган, арасында коңшу өлкөнүн жарандары дагы бар. Аларды тинтүү учурунда бир нече автомат, тапанча жана жарылуучу заттар табылган. Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн да кармоо иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары, кармалган жарандар Кара-Суу районунда үйүнөн чыгып бараткан ишкердин Toyota Land Cruiser 200 унаасын аткылап, ири суммадагы акчасын тоноп кеткен окуяга да шектелүүдө. Башка кылмыштарга да тиешеси бар-жогу териштирилип жатат.
Кармоо операциясын Ош ОИИБдин, ШИИБдин жана Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкерлери биргеликте жүргүзүүдө.
Бишкекте баңгизат саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды