Кыргызстандын футбол командасынын Азия кубогундагы расписаниеси

Биринчи оюн келерки жылдын январь айында болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргыз футбол союзу Катарда өтө турган Азия кубогу — 2023 оюндарындагы Кыргызстандын командасынын тайпалык оюндагы расписаниесин жарыялады.
Биринчи матч, Таиланд командасы менен беттеш 2024-жылдын 16-январында саат 20:30да (Бишкек убактысы боюнча) Дохадагы Абдулла бин Халиф стадионунда башталат.
Экинчи оюн 21-январга (саат 23:30) белгиленген. Ата мекендик команда сауд арабиялыктар менен кез келет. Беттеш Эль-Хаурдагы "Эльбайт" стадионунда өтөт.
Оман менен оюн 25-январга белгиленди (саат 21:00). Футболчулар Дохадагы "Эль-Тумам" аренасынан таймашат.
1/8 финалдык оюндар 28-январда старт алып, 31-январга чейин созулат. Чейрек финалдык беттеш 2-3-февралда, жарым финалдык беттеш 6-7-февралда, ал эми финал 10-февралда өтөт.
Турнирдин расписаниеси менен КФСнин https://t.me/kfu_kg/19687 Telegram-каналынан таанышууга болот.
Турнир Катарда 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин өтөт.
Алгач Азия кубогун 2023-жылдын жай айларында Кытайда өткөрүү пландалган. Бирок өлкө бийлиги COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдөн улам турнирди уюштуруудан баш тарткан. Биринчилик Катарга өткөрүп берилген. Бул өлкөдө климат өтө ысык болгондуктан турнир келерки жылдын кыш айында өтөт.
Учурдагы чемпион Катардын командасы болуп саналат.
Кыргызстандын футболчулары Азия кубогунда беттеше турган командалардын тизмеси