Өкмөт көп кабаттуу үйлөрдүн жер титирөөгө туруктуулугун текшерет

Жумушчу топ үч айлык мөөнөттө өлкө аймагындагы курулуштардын баарын текшерип чыгышы шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Курулуп бүткөн жана курулуп жаткан көп кабаттуу имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Мындай чечим Түркиядагы жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынган. Анын натыйжасында айрым процесстер жана кубулуштар активдешип кетиши мүмкүн.
Документке ылайык, ведомстволор аралык комиссияга үч айлык мөөнөттө өлкө аймагындагы көп кабаттуу курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун текшерип, жыйынтыгын министрлер кабинетине берүү тапшырылды.
Радио
Кыргызстанда сейсмикалык кооптуулукту аныктаган жаңы карта түзүлөт