Пресс-борбор

ЕЭК министри: ЕАЭБде бирдиктүү электрондук соода рыногу пайда болот

Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттеринин бирдиктүү электрондук соода рыногу пайда болот. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев видео көпүрө учурунда билдирди.
Анын айтымында, учурда ЕЭК тийиштүү келишимдин үстүндө иштеп жатат.
"ЕАЭБдин бирдиктүү электрондук соода рыногу болушу керек. Маалыматтарды сактоо, стандартташтыруу, керектөөчүлөр менен сатуучулардын укуктарын коргоо маселелерин чечүү зарыл. Иштер соңуна чыгып, Биримдиктин электрондук соода рыногу толук кандуу ишке кирет деп ниет кылып жатабыз", — деди Слепнев.
Видео көпүрө Sputnik агенттигинин пресс-борборунда өттү.
Экономист: сом ЕАЭБдеги эң ишенимдүү валюта бойдон калууда