Радио

Кыргызстанда окуучуларга кесип тандоого багыт берген фестиваль өтүп жатат

Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурия Жусупбекова өлкө мектептеринде жүргүзүлүп жаткан кесипке багыт берүү иштери тууралуу айтып берди.
Sputnik
Буга чейин мектептерде кесипке багыт берүү иштери апрель айынан баштап жүргүзүлүп келсе, былтыртан баштап жыл бою жасалып келет. Бул тууралуу Нурия Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кесипке багыт берүүчү артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы 15-майга чейин жети дубанда өткөрүлөт.
"Жаштардын талабына ылайык Билим берүү жана илим министрлигинин социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу кесипке багыт берүүчү роликтерди жасап, маалыматтарды жүктөп келебиз. Андан тышкары, былтыр Бишкек шаарындагы Эмен паркында артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалын өткөргөнбүз. Быйыл дагы 26-апрелде Бишкектеги мектептердин жогорку класстарынын 3000ге жакын окуучусу жана ата-энелер фестивалга катышты. Анда колледж жана лицейлердеги адистиктеринин жарманкеси, сынактар, колледждердин чыгармачыл жамааттарынын жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программасы тартууланды. Фестивалдын максаты – колледж менен лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүн колдоо, бүтүрүүчүлөр арасында артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптер тууралуу маалымат жайылтуу, кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу болуп саналат", — деди Жусупбекова.
Ал учурда абитуриенттер үчүн ЖОЖ жана кесиптик окуу жайларга автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу үйдө отуруп каалаган кесибин тандоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн кошумчалады.