Бишкекте "Жеткинчек" аталышындагы II жалпы шаардык спартакиада өтөт

Иш-чарага катышуу үчүн арыздар 26-майга чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 29-майынан 1-июнга чейин Бишкек шаарында "Жеткинчек" II жалпы шаардык спартакиадасы өтөт. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынан билдиришти.
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чара "Газпром" спорт комплексинде өтмөкчү. Ал Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти менен Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулууда.
Фестивалда мектеп окуучулары кичи футбол, шахмат, дзюдо, JTF таэквондо, бокс, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашат.
Иш-чарага катышуу үчүн арыздар 26-май саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш номери: 0508 101-002.
Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылып, эл аралык көргөзмө-жарманке өтөт