13-майга карата аба ырайы

13-майда түнкүсүн айрым аймактарда өткүн өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Ишембиде күндүз көпчүлүк жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23...+28, Таласта +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көлдө +17...+22 жана Нарында +18...+23 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +25...+27 жана Ош шаарында +28...+30 градусту көрсөтөт.
Океандардын бетиндеги температура рекорддук чекке жетти