Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский: контрчабуул үчүн дагы убакыт керек

Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль апрелдин башында контрчабуул жайында башталышы мүмкүн экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Украинага контрчабуул баштоо үчүн "дагы убакыт керек". Бул тууралуу өлкө башчысы Владимир Зеленский бир катар чет өлкөлүк ЖМКларга берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
Президент Киев ушу тапта деле чабуул жасоого даяр экенин, бирок "көп жоготууга дуушар болуп каларын" белгилеген. Зеленскийдин айтымында, "мындайга жол берүүгө болбойт". Ушу тапта украиналык бригадалар даяр турганы менен айрым кем-карчты толтурууга убакыт керек. Анын ичинде сооттолгон техника да бар.
Эскерте кетсек, Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль апрелдин башында контрчабуул жайында башталышы мүмкүн экенин айткан. Кийинчерээк "жакын арада" башталарын билдирген жайы бар. Америкалык ЖМКлар Украинанын контрчабуулу 30-апрелге белгиленгенин жазышкан. Ал эми РИА сурамжылоого алган эксперттер Киев менен Вашингтондун билдирүүлөрүнө ишенип болбой турганын, бул жалган маалымат таратуу кампаниясынын бир бөлүгү болушу мүмкүн экенин айтышкан эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскер эксперти Украина канча киши менен контрчабуул жасай турганын ачыктады