1939-жылы Москва шаарында кыргыз маданиятынын I декадасы өткөн. Ошол декада Иосиф Сталиндин бийлик өкүлдөрүн кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген токтом кабыл алуусуна түрткү берген. Бул тууралуу Саламат Малабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ошол кезде Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин биринчи секретары Алексей Вагов деген орус улутундагы киши болгон.
"1938-жылы Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин биринчи секретарлыгына Алексей Вагов деген киши дайындалып келген. Анын учурунда борбор калаадагы "Ала-Тоо" кинотеатры, азыр Иса Ахунбаевдин атын алып жүргөн медициналык академиясы институт болуп жана башка көптөгөн мекемелер ачылып, курулуштар жүргөн. 1939-жылы Вагов башында турган кыргыз искусство өкүлдөрү Москва шаарына барып, кыргыз маданиятынын декадасын өткөрүшкөн. Ага Иосиф Сталин да катышып, кыргыз өнөрпоздорунун талантына суктанып, жогорку баасын берген. Ал Ваговду кабыл алып, кыргыз тилин канчалык деңгээлде билерин сураган. Анда Вагов бир аз гана үйрөнүп калганын айткан. Иосиф Сталин ошол жерден Советтер Союзунун республикаларындагы жетекчилик кызматтагыларды жергиликтүү элдин тилин милдеттүү түрдө билүүсүн талап кылган токтом чыгарган. Анда бийлик өкүлдөрү жумасына эки жолудан, эки сааттан тил үйрөнүүсү милдеттендирилген", — деди Малабаев.
Ал Совет өкмөтүнүн саясаты, курамындагы бардык этностордун өз тилин сактап калууга жана байытууга багытталганын, бирок айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иш-аракеттерди бир аз туура эмес жасаганын кошумчалады.