Төрага Шакиев талап болсо Конституция дагы өзгөрүшү мүмкүндүгүн айтты

Спикер 30 жыл ичинде Кыргызстандын Конституциясына тогуз жолу өзгөртүү киргизилгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мезгил талабына жараша Конституция дагы өзгөрүшү мүмкүндүгүн айтты.
Ал 30 жыл ичинде Кыргызстандын Баш мыйзамына тогуз жолу өзгөртүү киргизилгенин белгиледи.
"Конституция Ыйык куран эмес, ар дайым өзгөрүүгө дуушар болот. Мезгилдин чакырыктары, талаптары башка. Маселе кайсы багытта өзгөрүп жатканында. Эң өкүнүчтүүсү, коркунучтуусу — Баш мыйзам көбүнчө саясий кызыкчылыктын каалоосуна жараша алмашып келди. Акыркы жолку өзгөрүүдө кыргыз элине ачык талкууга коюп, кандай болорун айттык. Мурда саясий жагы, өлкөнү башкаруу системасы гана өзгөрүп келген. Мурунку президенттер өзүнүн кемчиликтерин премьер-министрге шылтап, каалаган учурда аны иштен алып койчу. Бул жолу Садыр Нургожоевич, тескерисинче, өлкөдөгү оң-терс көрүнүшүнө да мен жооп берем деп бүт жоопкерчиликти алды. Каалайбызбы-каалабайбызбы, ушул Баш мыйзам менен жашап жатабыз, жашай беребиз. Дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Учурдун талбы болсо дагы өзгөрөт, муну да четке кагууга болбойт", — деди Шакиев.
Ошондой эле ал дүйнөлүк саясатчылар "жаман мыйзамды жакшы башкаруучулар иштетсе болот, жакшы мыйзамды жаман башкаруучулар бузуп иштетсе болот" деп айткан сөзүн кошумчалады.
Бүгүн парламентте Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу иш-чара өттү.
Популисттик менен жазылган. Мирлан Самыйкожо Конституцияны өзгөртүүнү сунуштады